5-май Эл аралык акушерлер күнү

5 – май Эл аралык акушердик конфедерациянын идеясына ылайык, ар бир акушер үчүн бул кесип менен алектенгендердин бардыгы жөнүндө ой жүгүртүп, жаңы байланыштарды түзүүгө жана акушерлердин бүткүл дүйнө үчүн жасаган иштери тууралуу билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк. Кыргыз Акушердик Альянсы Борбор Азиядагы жалгыз акушерлердин эл аралык конфедерациясына мүчө. Ал эми бул күндү Кыргызстандын акушерлери саламаттыкты чыңдоо менен бирге өлкөдө сапаттуу акушердик жардам көрсөтүү үчүн акушердикти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен талкуулоо үчүн дүйнөлүк акушердик коомчулукка биригүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүшөт.

Leave a Reply