Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинин окутуучулар курамы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап усулдарды өздөштүрүү жана медицина чөйрөсүндөгү акыркы клиникалык протоколдор менен таанышуу максатында үзгүлтүксүз түрдө квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп турушат. Ар бир окутуучунун курсту ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу расмий тастыктамалары (сертификаттары) колледждин кадрдык дареметин жана билим берүүдөгү кесипкөйлүгүн айгинелейт.
Квалификацияны жогорулатуу багыттары КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик талаптарына толук шайкеш келет.
Сертификаттар төмөнкү негизги багыттар боюнча топтолгон:
-
Педагогика жана психология: Жогорку жана орто кесиптик билим берүүдөгү заманбап интерактивдүү окутуу усулдары, студентке багытталган билим берүү технологиялары.
-
Кесиптик (медициналык) багыт: Адистиктер боюнча акыркы клиникалык көрсөтмөлөр, симуляциялык окутуу жана медициналык манипуляцияларды эффективдүү үйрөтүү жолдору.
-
Санариптик сабаттуулук (IT-компетенциялар): Окуу процессинде электрондук платформаларды, АИС AVN маалыматтык тутумун жана аралыктан окутуу куралдарын колдонуу боюнча курстар.
-
Кредиттик-модуктук тутум: Студенттердин билим жетишкендиктерин баалоо, силлабустарды жана ОУКтарды (УМК) заманбап стандарттарда иштеп чыгуу.
Мугалимдердин сертификаттар базасы жана реестри:
Колледждин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөндүгү тууралуу расмий документтердин электрондук папкалары жана жалпы реестри менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышсаңыз болот:
