Кара-Балта медициналык колледжинин материалдык баалуулуктарын жылдык инвентаризациялоо тутуму
Кара-Балта медициналык колледжинде (КБМК) окуу жайдын мүлкүн сактоо, каржылык тартипти бекемдөө жана чарбалык ишмердүүлүктү так жүргүзүү максатында жыл сайын милдеттүү түрдө материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо (каттоо жана текшерүү) иштери уюштурулат.
Бул жараян Кыргыз Республикасынын Бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына жана окуу жайдын ички каржылык саясатына ылайык, атайын бекитилген буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
📌 Инвентаризациялоонун негизги багыттары жана максаты:
-
Негизги каражаттарды эсепке алуу: Колледждин имараттарындагы бардык эмеректер (парталар, отургучтар, шкафтар), компьютердик техникалар, проекторлор жана лекциялык аудиториялардын жабдыктары толук текшерилип, өздүк номерлери (инвентарный номер) боюнча такталат.
-
Медициналык окуу-лабораториялык мүлктөр: Практикалык сабактар өтүүчү кабинеттердеги кымбат баалуу медициналык муляждар, тренажёрлор, симуляторлор, медициналык приборлор жана инструменттердин иш жүзүндөгү саны жана абалы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан кылдат текшерүүдөн өтөт.
-
Чарбалык жана китепканалык фонд: Колледждин кампасындагы материалдык баалуулуктар, чарбалык куралдар, ошондой эле китепкана фондундагы окуу куралдарынын, типтүү/рабочий программалардын жана силлабустардын басма түрүндөгү нускалары эсепке алынат.
-
Жоопкерчиликти бекитүү: Текшерүүнүн жыйынтыгында материалдык жооптуу кызматкерлердин (бөлүм башчылар, лаборатория башчылары, коменданттар) отчёттору угулуп, мүлктөрдүн сакталышы боюнча расмий Инвентаризациялык акт түзүлөт. Бул иш-чара колледжде коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга жана окуу базасын туруктуу жаңылап турууга шарт түзөт.
