Абитуриенттерге маалымат: КБМКга кабыл алуу эрежелери
Эмне үчүн биздин колледжди тандоо керек?
-
Заманбап технологиялар: Биз окутуу процессинде эң акыркы инновациялык жана санариптик технологияларды жигердүү колдонобуз.
-
Профессионалдык курам: Сиздерге көп жылдык тажрыйбасы бар, жогорку компетенттүү жана кесипкөй педагогдор билим беришет.
-
Ынтымактуу чөйрө: Колледжибизде көп улуттуу, достук жана бири-бирин колдогон жылуу атмосфера өкүм сүрөт.
-
Жумушка орношууга көмөк: Биз өз бүтүрүүчүлөрүбүздүн андан ары кесиби боюнча жумушка орношуусуна түз жардам беребиз.
-
Мыкты практикалык база: Студенттерибиздин усулдук жана өндүрүштүк практикаларды жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн өлкөнүн негизги мамлекеттик ооруканалары жана алдыңкы клиникалык базалары менен тыгыз кызматташабыз.
-
Жигердүү студенттик турмуш: Окуудан сырткары ар кандай кызыктуу конкурстар, маданий иш-чаралар, спорттук мелдештер жана концерттер туруктуу уюштурулуп турат.
📌 Кабыл алуу комиссиясынын негизги эрежелери
-
Окутуу тили: Окуу процесси мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдеринде жүргүзүлөт.
-
Билим берүү стандарты: Адистерди даярдоо Орто кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарына (ГОС СПО) ылайык катуу көзөмөлдөнөт.
-
Кабыл алуу тартиби (ЖАҢЫ ЭРЕЖЕ): Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтомдоруна ылайык, окуу жайга кабыл алуу ички вступительный сынактарсыз (экзаменсиз), бир гана Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ/ОРТ) жыйынтыгы жана предметик тесттердин (химия же биология) сертификатынын негизинде гана жүргүзүлөт.
-
Пороговый балл: Бюджеттик жана келишимдик (контракттык) бөлүмдөр үчүн бекитилген расмий пороговый баллдардын көрсөткүчтөрүн биздин расмий Instagram баракчабыздан ыкчам түрдө көрө аласыз.
📂 Талап кылынуучу документтердин тизмеси
Абитуриенттерди каттоо жана документтерди кабыл алуу Интернет тармагы аркылуу, атайын «СПУЗ Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Сынакка катышуу үчүн абитуриент аталган порталга катталып, төмөнкү документтердин электрондук (сканерленген) көчүрмөлөрүн тиркеши зарыл:
-
Жалпы орто билим тууралуу аттестат (11-класс) жана анын тиркемеси (вкладыш);
-
ЖРТ (ОРТ) расмий сертификаты (милдеттүү түрдө химия же биология предметтик тесттери менен);
-
КБМКнын директорунун атына жазылган арыз;
-
Жеке паспорт (же туулгандыгы тууралуу күбөлүк), аскердик билет же аскерге чакырылуучунун күбөлүгү (приписное свидетельство);
-
3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
-
Өзгөчө укуктарды же жеңилдиктерди тастыктоочу документтер (эгер бар болсо: жетимдик статусун тастыктоочу күбөлүктөр, майыптуулук боюнча ВКК маалымдамасы же пенсиялык китепче);
-
Кагаз папка («Дело №»);
-
Кабыл алуу комиссиясынын документтерди каттоо төлөмү — 200 сом.
Эскертүү: «СПУЗ Абитуриент Онлайн» системасындагы күтүүсүз техникалык мүчүлүштүктөргө же үзгүлтүктөргө КБМК жетекчилиги жоопкерчилик тартпайт.
📊 Адистиктер жана окуу мөөнөттөрү
Кара-Балта медициналык колледжи 11-класстын базасында төмөнкү багыттар боюнча кабыл алууну жүргүзөт:
| Адистиктин аталышы | Квалификациясы | Окутуу формасы | Окуу мөөнөтү | Контракт баасы (сом менен) |
| Дарылоо иши (Лечебное дело) | Фельдшер | Бюджет / Контракт | 3 жыл 6 ай | 30 600 |
| Медайым иши (Сестринское дело) | Медсестра / Медбрат | Бюджет / Контракт | 2 жыл 10 ай | 30 600 |
| Акушердик иш (Акушерское дело) | Акушер / Акушерка | Бюджет / Контракт | 2 жыл 10 ай | 30 600 |
| Лабораториялык диагностика | Медициналык лаборатордук техник | Бюджет / Контракт | 2 жыл 10 ай | 30 600 |
| Фармация | Фармацевт | Бир гана Контракт | 2 жыл 10 ай | 31 800 |
| Ортопедиялык стоматология | Зубной техник | Бир гана Контракт | 2 жыл 10 ай | 31 800 |
📝 Сынактан өткөрүү жана тандоо критерийлери (Конкурсный отбор)
Колледжге кабыл алуунун башкы критерийи — абитуриенттин алган билиминин деңгээли болуп саналат. Сынактык тандоо төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлгөн ранжирленген (рейтингдик) тизмеге ылайык жүргүзүлөт:
-
Жалпы орто билим тууралуу аттестаттын орточо баасы;
-
Аттестаттагы негизги профилдик предметтин баасы;
-
ЖРТ (ОРТ) сертификатындагы упайлардын суммасы.
Профилдик предметтердин бөлүнүшү:
-
«Дарылоо иши», «Медайым иши» жана «Акушердик иш» адистиктери үчүн — Биология предмети;
-
«Фармация», «Ортопедиялык стоматология» жана «Лабораториялык диагностика» адистиктери үчүн — Химия предмети.
Рейтингдин жыйынтыгы боюнча окууга сунушталган абитуриенттер 3 күндүн ичинде система аркылуу келишимге (договор) кол коюп, өз каалоосун ырасташы керек. Контракттык негизде окууга сунушталгандар 2 күндүк мөөнөттө жылдык окуу акысынын 50%дан кем эмес бөлүгүн төлөөлөрү тийиш. Эгерде абитуриент 3 күн ичинде каалоосун ырастабаса, анын орду рейтингдеги кийинки абитуриентке берилет.
🗂 Кабыл алуу комиссиясынын аткарган иштеринин отчеттуулугу
Биздин окуу жайда кесипке багыттоо (профориентация) иштери бекитилген атайын пландардын негизинде уюшкандыкта өткөрүлүп келет. Төмөнкү расмий шилтемелер аркылуу тиешелүү отчеттор жана пландар менен тааныша аласыз:
ПРОФОРИЕНТАЦИОННАЯ РАБОТА В КБМК:
План работы заведующего по профессиональному обучению на 2023-2024 уч.год
