Коррупцияга каршы аракеттенүү жана укуктук коопсуздук

Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинде коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү — окуу жайдын башкаруу тутумунун ачык-айкындуулугун, академиялык тазалыкты жана укуктук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Колледжде билим берүү процессинде жана административдик иштерде коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү, студенттер менен окутуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында комплекстүү иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлөт.

Бул ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин токтомдорунун жана колледждин бекитилген расмий Саясатынын негизинде ишке ашырылат.

Антикоррупциялык ишмердүүлүктүн негизги багыттары:
  • Академиялык тазалык жана ачык-айкындуулук: Студенттердин билим жетишкендиктерин баалоодо (модулдарда, сынактарда, мамлекеттик аттестацияда) адамдык факторлорду азайтуу, АИС AVN санариптик тутумун толук кандуу колдонуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.

  • Түшүндүрмө жана укуктук агартуу иштери: Студенттердин жана окутуучулар курамынын арасында коррупцияга каршы куратордук сааттарды, тегерек үстөлдөрдү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнү катышуусу менен атайын профилактикалык лекцияларды уюштуруу.

  • Кайтарым байланыш тутуму: Колледжде студенттер жана ата-энелер үчүн анонимдүү сурамжылоолорду («Ишеним кутучасы», онлайн-анкеталар) туруктуу өткөрүү жана келип түшкөн кайрылууларды Сапатты камсыздоо комиссиясы тарабынан терең талдоо.

  • Кызматтык этиканы сактоо: Окутуучулар менен кызматкерлердин педагогикалык этика кодексин так сактоосун көзөмөлдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча расмий кужаттар:

Колледжде коррупцияны алдын алуунун укуктук негиздери, бекитилген пландар жана комиссиялардын курамы менен төмөнкү расмий шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар:

Бул багытта аткарылган иш-чаралар боюнча жылдык отчеттор, сурамжылоолордун жыйынтыктары жана комиссиянын отурумдарынын протоколдору директордун укуктук иштер боюнча жооптуу адистеринде жана архивде сакталат.