Студенттердин практикасы

Кара-Балта медициналык колледжинин өндүрүштүк (клиникалык) практикасы

Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика — бул Кара-Балта медициналык колледжинин студенттерин даярдоонун негизги жана милдеттүү бөлүгү. Практиканын максаты — келечектеги медицина кызматкерлеринин назариялык (теориялык) билимдерин тереңдетүү, клиникалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана өз алдынча иштөөгө даярдоо.

Биздин студенттер Чүй облусунун жана Кара-Балта шаарынынын алдыңкы дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, ооруканаларда, бейтапканаларда (ГСВ/ЦСМ) жана төрөт үйлөрүндө тажрыйба топтошот.