Бүгүн Кара-Балта медициналык колледжинде окутуунун сапатын жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды жайылтуу максатында «Медицина адистерин даярдоодо окутуунун заманбап инновациялык технологиялары» деген темада маанилүү семинар болуп өттү.
-
Модераторлор:
-
Сапатты контролдоо бөлүмүнүн башчысы (Зав. отдела ОКО) — Дуйшенбиева Г.А.
-
Окуу-усулдук иштер боюнча инспектор (Инспектор по УМР) — Нур кызы Назира.
-
📝 Семинардын негизги багыттары:
Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык билим берүүнүн актуалдуу маселелери жана студенттердин деңгээлин көтөрүүчү жаңы куралдар талкууланды:
-
Билим берүүдөгү заманбап мамилелер жана жаңы стандарттар;
-
Сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу өтүү үчүн интерактивдүү усулдар;
-
Окуу процессиндеги геймификация (оюн технологиялары) ыкмалары;
-
Студенттердин практикалык көндүмдөрүн арттыруучу симуляциялык окутуу технологиялары.
🤝 Практикалык бөлүгү
Семинардын практикалык бөлүгүндө мугалимдер жана катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, окуу процессин уюштуруунун жаңы усулдарын иш жүзүндө колдонуу жолдорун өздөштүрүштү. Мындай иш-чаралар колледжибиздин санариптештирүү жана билим берүү сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытындагы кезектеги ийгиликтүү кадамы болуп саналат.
Кара-Балта медициналык колледжи — келечектин кесипкөй адистерин даярдайт!
