Жаш окутуучулардын мектеби

Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинде Жаш окутуучулардын мектеби (ЖОМ) — бул окуу жайга жаңыдан кабыл алынган, педагогикалык стажы 3 жылга чейинки жаш адистердин жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүү, аларды усулдук жактан колдоо жана окуу процессине тез көнүктүрүү (адаптация) максатында түзүлгөн туруктуу уюм болуп саналат.

Жаш окутуучулардын мектебинин ишмердүүлүгү колледждин Усулдук кеңеши тарабынан бекитилген атайын расмий Жобонун жана жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.

Жаш окутуучулардын мектебиний негизги милдеттери жана багыттары:

  • Педагогикалык көндүмдөрдү калыптандыруу: Жаш адистерге лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүүнүн заманбап усулдарын, уюштуруу формаларын жана педагогикалык этиканы үйрөтүү.

  • Насаатчылык тутуму (Наставничество): Ар бир жаш окутуучуга тажрыйбалуу, көп жылдык стажы бар алдыңкы мугалимдерди насаатчы катары бекитүү. Насаатчы жаш адиске сабактардын пландарын түзүүгө, ОУК (УМК) жана силлабустар менен иштөөгө түз көмөк көрсөтөт.

  • Өз ара сабактарга катышуу: Жаш мугалимдердин тажрыйбалуу кесиптештеринин сабактарына катышуусун уюштуруу жана ачык сабактарды (открытые уроки) өткөрүү аркылуу алардын усулдук чеберчилигин талдоо.

  • Санариптик чөйрөгө интеграциялоо: Жаш адистердин АИС AVN электрондук тутумунда, интерактивдүү доскалар жана мультимедиалык куралдар менен сабаттуу иштөөсүнө көмөктөшүү.

Жаш окутуучулардын мектебинин расмий кужаттары:

ЖОМдун укуктук негиздери, бекитилген жылдык пландары жана насаатчылык иштеринин документтери менен төмөнкү расмий шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар: