Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинде окуу процессин заманбап жана сапаттуу окуу адабияттары менен камсыз кылуу — Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын (МББС) талаптарын аткаруунун жана жогорку квалификациялуу медициналык адистердин даярдоонун негизги кепилдиги болуп саналат. Колледждин китепкана фонду бардык адистиктер («Дарылоо иши», «Акушердик иш», «Медсестралык иш») боюнча зарыл болгон базалык, клиникалык, табигый-илимий жана коомдук багыттагы адабияттар менен туруктуу түрдө толукталып турат.
Окуу жайда салттуу (кагаз жүзүндөгү) китепкана менен бирге студенттердин каалаган убакта маалымат алуусуна шарт түзгөн заманбап санариптик усулдук база калыптанган.
Окуу адабияттары менен камсыздоонун негизги багыттары:
-
Негизги фонд (Кагаз жүзүндөгү китептер): Медициналык фундаменталдык жана клиникалык сабактар боюнча акыркы басылып чыккан окуулуктар, усулдук көрсөтмөлөр, лекциялардын топтомдору жана атластар. Китепкана кору кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
-
Электрондук китепкана жана АИС AVN: Колледждин ички тармагында бардык окуу программаларынын, силлабустардын жана окутуучулар тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук комплекстердин (ОУК) электрондук варианттары жайгаштырылган. Студенттер жеке логин-паролдору аркылуу АИС AVN тутумунан китептерди онлайн окуй алышат.
-
QR-коддор тутуму: Колледждин китепканасында жана окуу залында негизги медициналык адабияттардын QR-коддор тактасы түзүлгөн. Студенттер уюлдук телефондору аркылуу кодду сканерлөө менен керектүү китепти заматта жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
-
Мезгилдүү басылмалар: Саламаттыкты сактоо жана педагогика чөйрөсүндөгү акыркы илимий жаңылыктарды көзөмөлдөө максатында, колледж атайын медициналык журналдарга жана гезиттерге туруктуу жазылып турат.
Окуу адабияттарынын камсыздоо көрсөткүчтөрү жана расмий маалыматтар:
Ар бир адистик боюнча китептердин саны, студенттердин адабияттар менен камсыз болуу пайызы жана расмий китепкана кужаттары менен төмөнкү шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар:
