Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинин укуктук негиздери, лицензиялары жана ченемдик актылары
Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжи өзүнүн билим берүү, уюштуруучулук, санариптик жана чарбалык ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин ченемдик укуктук актыларына ылайык расмий түрдө жүргүзөт.
Бул бөлүмдө окуу жайдын юридикалык статусун, адистиктер боюнча берилген мамлекеттик лицензияларын, сырткы өнөктөштөр менен түзүлгөн расмий келишимдерин жана ички ченемдик кужаттарын күбөлөндүргөн электрондук маалыматтар топтому жайгаштырылган.
1. Лицензиялар жана адистиктер боюнча тиркемелер
Колледж Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, төмөнкү багыттар боюнча негизги кесиптик билим берүү программаларын (ОПОП) ишке ашырууга жана медициналык адистерди даярдоого расмий укуктуу:
-
«Дарылоо иши» (Лечебное дело) — квалификациясы: «Фельдшер».
-
«Акушердик иш» (Акушерское дело) — квалификациясы: «Акушер/Акушерка»


-
«Медайым иши» (Сестринское дело) — квалификациясы: «Мед айым» (Медицинская сестра).



-
«Фармация» — квалификациясы: «Фармацевт».
-
«Ортопедиялык стоматология» (Стоматология ортопедическая) — квалификациясы: «Тиш техниги» (Зубной техник).
- «Лаборатордук диагностика» (Лабораторная диагностика) — квалификациясы: «Лаборант» (Лаборант).

Жүктөө үчүн расмий кужаттар:
2. Санариптик инфратүзүм жана расмий келишимдер
Билим берүү процессин санариптештирүү, электрондук журналдарды жана студенттердин маалыматтык базасын туруктуу жүргүзүү, ошондой эле окуу имараттарын жогорку ылдамдыктагы интернет тармагы менен камсыздоо төмөнкү расмий келишимдердин негизинде аткарылат:
-
📂 Договор АВН «AVN» автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АИС) киргизүү жана тейлөө боюнча расмий КЕЛИШИМ
-
📂 Предоставление сети интернет ДОГОВОР Колледжди жогорку ылдамдыктагы Интернет байланышы менен камсыздоо боюнча провайдер менен түзүлгөн КЕЛИШИМ
-
📂Положение об отделе ИТ Маалыматтык, информациялык жана санариптик технологиялар жөнүндө ЖОБО
3. Сырткы жана ички ченемдик укуктук актылар
Окуу жайдын бардык түзүмдөрүнүн укуктук чөйрөдө коопсуз жана туруктуу иштешин камсыз кылган директивдик жана ички ченемдик кужаттар:
-
📂 Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы
-
📂 Устав КБМККара-Балта медициналык колледжинин расмий УСТАВЫ
-
📂 Этический кодекс персонала и студентов КБМК Колледждин кызматкерлери жана студенттери үчүн этикалык кодекс
Бардык лицензиялардын, келишимдердин жана ченемдик актылардын түп нускалары (оригиналдары) мөөрлөр жана расмий кол тамгалар менен күбөлөндүрүлүп, колледждин жетекчилигинде жана архивинде сакталат.

