Усулдук кеңеш

Усулдук кеңештин 2025–2026-окуу жылына карата иш планы

Усулдук кеңеш — колледждин билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап технологияларын өндүрүшкө киргизүү жана педагогикалык кызматкерлердин усулдук чеберчилигин арттыруу максатында иш алып барган негизги коллегиалдык органдардын бири болуп саналат.

Усулдук кеңештин ишмердүүлүгү окуу-тарбия процессин илимий-усулдук жактан камсыздоого, предметтик-циклдик комиссиялардын (ЦМК) ишин координациялоого жана жаш окутуучуларга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Негизги иш багыттары:

  • Окуу пландарын, жумушчу программаларды жана усулдук иштеп чыгууларды экспертизадан өткөрүү жана бекитүүгө сунуштоо.
  • Билим берүү процессине инновациялык жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын, анын ичинде санариптик технологияларды киргизүү.
  • Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу.
  • Колледждеги илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана ачык сабактарды уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын талдоо.

Учурдагы окуу жылына бекитилген расмий график жана аткарыла турган иштердин толук тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар:

План работы метод кабинета

План заседаний метод совета

Leave a Reply