Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинин Стратегиялык өнүктүрүү планы — бул окуу жайдын жакынкы жылдарга багытталган негизги укуктук, уюштуруучулук жана билим берүүчүлүк багыттарын аныктаган башкы стратегиялык кужаты болуп саналат. Бул план колледждин миссиясын, максаттарын жана заманбап саламаттыкты сактоо тутумунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык адистерди даярдоо боюнча негизги кадамдарын камтыйт.
Стратегиялык планды ишке ашырууга колледждин бүткүл жамааты: администрация, окутуучулар, көмөкчү кызматкерлер жана студенттик өзүн-өзү башкаруу органдары тартылган.
Стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары (приоритеттери):
-
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу: Эл аралык жана улуттук аккредитациялык талаптарга ылайык, негизги кесиптик билим берүү программаларын (ОПОП) туруктуу жаңылоо жана инновациялык усулдарды киргизүү.
-
Санариптештирүү жана ИТ-инфраструктура: Окуу процессине автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды (АИС AVN), электрондук журналдарды жана заманбап санариптик билим берүү ресурстарын толук интеграциялоо.
-
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо: Практикалык жана симуляциялык кабинеттерди заманбап медициналык жабдуулар, муляждар жана фантомдор менен укомплектоо.
-
Кадрдык потенциалды өнүктүрүү: Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, илимий-педагогикалык деңгээлин өстүрүү жана тажрыйба алмашуу программаларын (академиялык мобилдүүлүк) кеңейтүү.
Стратегиялык пландоо боюнча расмий кужаттар:
Колледждин келечектүү максаттары, миссиясы жана өнүгүү программаларынын расмий электрондук үлгүлөрү менен төмөнкү шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар:
