Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинин бөлүм башчылары (заведующие отделениями) — тийиштүү адистиктер боюнча окуу-тарбиялык, усулдук жана өндүрүштүк иштерди түздөн-түз уюштуруучу жана көзөмөлдөөчү негизги башкаруучу түзүм болуп саналат. Бөлүм башчыларынын ишмердүүлүгү студенттердин сапаттуу билим алуусуна, тайпалардагы тартипке жана Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын так аткарылышына багытталган.
Бөлүм башчылары өз иштерин колледждин директору тарабынан бекитилген жылдык иш пландын негизинде жүргүзүшөт.
Бөлүм башчыларынын негизги иш багыттары:
-
Окуу процессин уюштуруу жана көзөмөлдөө: Сабактардын жүгүртмөсүнүн (расписание) сакталышын, студенттердин сабактарга катышуусун (посещаемость) жана жетишүүсүн (успеваемость) туруктуу көзөмөлдөө, АИС AVN тутумундагы электрондук маалыматтарды текшерүү.
-
Сынактарды жана аттестацияларды өткөрүү: Модулдарды, семестрдик сынактарды (экзамендерди) жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияларды уюштуруу, көзөмөлдөө жана алардын жыйынтыктарын талдоо.
-
Тарбиялык жана куратордук иштер: Тайпа башчылары (старосталар) жана кураторлор менен тыгыз иштешүү, студенттердин ички тартипти сактоосун камсыздоо, ата-энелер менен туруктуу байланышта болуу.
-
Клиникалык жана өндүрүштүк практика: Студенттердин дарылоо-профилактикалык мекемелерде (ооруканаларда) өндүрүштүк жана квалификациялык практикадан өтүүсүн практика жетекчилери менен биргеликте координациялоо.
Бөлүмдөрдүн бекитилген расмий кужаттары жана пландары:
Адистиктер боюнча бөлүм башчыларынын бекитилген жылдык иш пландары жана отчеттору менен төмөнкү шилтемелер аркылуу тааныша аласыздар:
План работы зав.отделением Фармация
