Ички эмгек тартибинин эрежелери — Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжинин эмгек жамаатынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун, эмгек тартибин бекемдөөнүн жана укуктук мамилелерди жөнгө салуунун негизги ченемдик кужаты болуп саналат. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана колледждин Уставынын негизинде иштелип чыккан.
Эрежелер колледждин бардык административдик, педагогикалык (окутуучулар курамы) жана чарбалык кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ички эмгек эрежелеринин негизги багыттары:
-
Жумушка алуу жана бошотуу тартиби: Кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун, эмгек келишимдерин түзүүнүн жана токтотуунун мыйзамдык негиздери.
-
Кызматкерлердин негизги укуктары жана милдеттери: Окутуучулардын кесиптик этиканы сактоосу, окуу процессин сапаттуу жүргүзүүсү жана колледждин мүлкүнө аяр мамиле жасоо милдеттери.
-
Администрациянын укуктары жана милдеттери: Эмгек үчүн коопсуз шарттарды түзүү, өз убагында эмгек акы төлөө жана окуу жайдын өнүгүүсүн камсыздоо.
-
Жумуш убактысы жана эс алуу мезгили: Күнүмдүк жумуш убактысынын узактыгы, сабактардын графиги, нөөмөтчүлүк (дежурство) тартиби жана жылдык эмгек өргүүлөрүнүн (отпуск) берилиши.
-
Сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары: Өз кызматын мыкты аткарган кызматкерлерди моралдык жана материалдык жактан сыйлоо, ошондой эле эмгек тартибин бузгандарга карата көрүлүүчү расмий чаралар.
Эмгек тартибин жөнгө салуучу расмий кужаттар:
Колледждеги эмгек мамилелеринин укуктук негиздери жана бекитилген расмий эрежелердин электрондук үлгүсү менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар:
