Урматтуу кесиптештер, студенттер жана сайттын коноктору!
Кара-Балта медициналык колледжинде билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, окутуунун сапатын туруктуу көзөмөлдөө жана Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткаруу максатында Билим берүүнүн сапатын ички аудиттөө тутуму уюштурулган. Бул ишмердүүлүк колледждин Педагогикалык кеңеши тарабынан жактырылган расмий Жобо тарабынан жөнгө салынат.
Ички аудит — бул колледждеги окуу процессинин абалын, усулдук камсыздоону жана материалдык-техникалык базанын даярдыгын объективдүү баалоочу эң маанилүү ички башкаруу куралы болуп саналат.
