Кара-Балта медициналык колледжи 1961-жылдын 29-июлунда негизделген. Окуу жай ачылган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашык бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Колледж толук орто билимдин базасында 6 адистик боюнча практикалык саламаттыкты сактоо тутуму үчүн орто звенодогу адистерди даярдайт. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Медициналык колледж Жайыл, Панфилов, Москва жана Сокулук райондорунун медициналык мекемелерин квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылып келет. Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эмес, андан сырткары өлкөлөрдө да чоң суроо-талапка ээ. Биздин окуу жай жөн гана билим бербестен, ар бир студенттин ак халатчан дарыгерлик улуу касиетти, адамгерчиликти жана боорукерликти жүрөгүнө сиңирүүсүн шарттайт. Бүгүнкү күндө КБМК — бул заман талабына төп келген, эл аралык жана улуттук аккредитациянын стандарттарына жооп берген сапаттуу билимдин борбору. Биз ар бир студенттин жеке потенциалын ачууга жана алардын илим-изилдөө иштерине катышуусуна өзгөчө көңүл бурабыз.
Колледждин инфраструктурасы:
-
Заманбап компьютердик класс;
-
Башка аймактардан келип окуган студенттер үчүн ыңгайлуу жатакана;
-
Окуу процесси үчүн зарыл болгон бардык жабдыктар менен камсыздалган кабинеттер;
-
Окуу корпустарында, китепканада жана жатаканада бесплатно зымсыз Wi-Fi түйүнү.
Биздин колледжди тандоонун негизги себептери:
-
Заманбап технологиялар: Биз окутуу процессинде алдыңкы жана заманбап технологияларды, инновациялык усулдарды колдонубуз.
-
Кесипкөй мугалимдер: Колледжибизде жогорку компетенттүү, тажрыйбалуу жана өз ишин сүйгөн педагогдор, саламаттыкты сактоонун отличниктери эмгектенишет.
-
Достук атмосферасы: Окуу жайыбызда ынтымактуу, көп улуттуу жана жылуу маанайдагы коопсуз чөйрө калыптанган.
-
Жумушка орношууга көмөктөшүү: Биз өз бүтүрүүчүлөрүбүздүн келечекте жумушка орношуусуна жана карьералык өсүүсүнө активдүү жардам беребиз.
-
Күчтүү клиникалык база: Студенттерибиздин өндүрүштүк жана клиникалык практикадан өтүүсү үчүн колледж өлкөнүн негизги мамлекеттик ооруканалары, бейтапканалары жана медициналык борборлору менен тыгыз кызматташат.
-
Активдүү студенттик жашоо: Колледжде кызыктуу студенттик турмуш кайнап турат; ар кандай сынактар, коомдук иш-чаралар, волонтердук кыймылдар жана маданий концерттер туруктуу өткөрүлүп турат.
Медицина каталарды кечирбейт, ошондуктан биздин студенттер бейтапканадагы реалдуу бейтаптарга барардан мурун, колледждин ичиндеги заманбап муляждарда жана симуляциялык аппараттарда ар бир кыймыл-аракетин автоматтык деңгээлге чейин иштеп чыгышат. Бул студенттердин кесиптик ишенимдүүлүгүн арттырып, клиникалык базаларда коркпой, так жана сабаттуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Биздин мамлекеттик үлгүдөгү диплом КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет мамлекеттерде мыйзамдуу түрдө таанылат. Колледждин жетекчилиги жана жалпы жамааты окуу программаларын жыл сайын жаңылап, дүйнөлүк медицинанын акыркы жаңылыктарын окуу процессине киргизип турат. Биздин жүздөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүн өлкөнүн алдыңкы улуттук борборлорунда, тез жардам кызматтарында жана жеке менчик клиникаларында башкы адис катары эмгектенип, окуу жайыбыздын атын сыймык менен алып жүрүшөт. Келечектин медицинасы ушул жерден башталат! Кара-Балта мамлекеттик медициналык колледжине кош келиңиздер!
