Педагогикалык кеңеш — билим берүү процессин өнүктүрүү жана өркүндөтүү, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жана квалификациясын жогорулатуу максатында түзүлгөн, колледждин туруктуу иштеген жамааттык (коллегиалдык) башкаруу органы болуп саналат.
Өз ишмердүүлүгүндө Педагогикалык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле колледждин Уставын жетекчиликке алат.
Ченемдик документтер
Органдын түзүлүү тартиби, функциялары жана иш регламенти менен таанышуу үчүн расмий документти жүктөп алсаңыз болот:
Педагогикалык кеңештин негизги милдеттери:
- Колледждин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн келечегин жана стратегиялык багыттарын аныктоо.
- Окуу процессине заманбап билим берүү технологияларын жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды киргизүү.
- Окуу пландарын, программаларын жана окуу процессинин графиктерин талкуулоо жана бекитүү.
- Студенттердин аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо маселелерин кароо.
- Окуу-өндүрүштүк, усулдук (методикалык) жана тарбиялык иштердин жыйынтыктарын талдоо.
Учурдагы окуу жылына карата Педагогикалык кеңештин курамы:
Төрага: м.и.к. Б.С. Исраилов, колледждин директору.
Катчы: Нур кызы Назира, методист
Кеңештин мүчөлөрү: директордун орун басарлары, бөлүм башчылары, предметтик-циклдик комиссиялардын (ЦМК) төрагалары, колледждин окутуучулары жана кызматкерлери.
Иш планы
