СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАНЫН ЖЫЛДЫК ИШ ПЛАНЫ

Урматтуу студенттер, ата-энелер жана колледждин коноктору!

Кара-Балта медициналык колледжинде алыскы аймактардан келип билим алган студенттерди заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында Студенттик жатакана иш алып барат. Жатаканада студенттердин жашоо тиричилигин уюштуруу, алардын коопсуздугун сактоо жана бош убактыларын натыйжалуу өткөрүү максатында атайын бекитилген Жылдык иш планы жүзөгө ашырылат.

Бул баракчада жатакананын коменданты, тарбиячылары жана Студенттик кеңеш (Совет общежития) тарабынан биргеликте аткарылуучу негизги иш-чаралардын расмий планы чагылдырылган.

План работы общежитии