Урматтуу окутуучулар жана студенттер!
Кара-Балта медициналык колледжинде билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн объективдүү баалоо максатында Баалоо каражаттарынын фонду (БКФ) жөнүндө жобо колдонулат.
Баалоо каражаттарынын фонду (ФОС) — бул студенттердин мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын, теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү (манипуляцияларды) канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүн текшерүүгө багытталган усулдук материалдардын, тапшырмалардын жана баалоо куралдарынын комплекстүү тутуму болуп саналат.









