Кара-Балта медициналык колледжинде (КБМК) башка аймактардан келип билим алган студенттерди коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу максатында 4 кабаттуу студенттик жатакана туруктуу иш алып барат. Жатакананын жалпы аянты 780,0 м² түзүп, андагы тартип, коопсуздук жана социалдык-турмуштук шарттар колледждин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Төмөндө жатаканада студенттердин жашоосун уюштуруу, тарбиялык иштер жана коопсуздук чаралары боюнча аткарылган иштердин расмий отчету сунушталат.
1. Турмуш-тиричилик шарттары жана материалдык база
-
Камсыздоо: Жатакана заманбап эмеректер, таза төшөнчүлөр жана студенттердин өз алдынча сабакка даярдануусу үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган.
-
Санитардык абал жана тазалык: Имаратта мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан жыл сайын текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Жатаканада туруктуу түрдө нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп, желдетүү режими жана санитардык-гигиеналык ченемдер так сакталат.
-
Коммуналдык шарттар: Студенттерди ысык суу менен камсыз кылуу максатында атайын аристондор орнотулган.
2. Коопсуздук тутуму жана тартипти сактоо
Жатаканада студенттердин коопсуз билим алуусу жана жашоосу үчүн бекем коопсуздук чөйрөсү түзүлгөн:
-
Видеобүзөмөл: Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жатакананын ичине 5 даана заманбап видеокамера орнотулуп, видеофиксация тутуму туруктуу иштейт. Камераларды жана өрткө каршы автоматтык сигнализация тутумдарын (АПС) техникалык тейлөө боюнча атайын адистештирилген уюмдар менен келишимдер түзүлгөн.
-
Көзөмөл жана тартип: Жатаканада ички тартип эрежелеринин сакталышы комендант жана нөөмөтчүлөр тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Студенттердин коопсуздугу үчүн имараттын антитеррористтик корголушунун атайын паспорту иштелип чыккан жана бекитилген.
3. Тарбиялык жана маданий-коомдук иш-чаралар
Жатаканада жашаган студенттердин бош убактысын натыйжалуу уюштуруу максатында кураторлор жана Студенттик кеңеш тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылат:
-
Инструктаждар: Студенттер жатаканага кирген учурда коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу жана ички тартип эрежелери боюнча милдеттүү түрдө вводдук жана мезгилдүү инструктаждардан өтүшүп, журналга кол коюшат.
-
Сергек жашоо образы: Студенттер жатакананын жанындагы атайын спорттук (волейбол, баскетбол) аянтчаларында спорттук оюндарды уюштуруп, сергек жашоо образын жайылтуу боюнча жигердүү катышышат.
-
Экологиялык маданият: «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жатаканада жашаган студенттердин күчү менен имараттын айланасын жашылдандыруу, көчөт отургузуу жана тазалыкты сактоо ишембиликтери туруктуу өткөрүлөт.
4. Социалдык колдоо жана медициналык көзөмөл
-
Медициналык жардам: Жатаканада жашаган студенттердин ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү максатында коллеждин медпункту туруктуу иштейт. Ал жерде медайым биринчи доврачтык жардам көрсөтүп, зарыл учурда кабыл алуу иштерин жүргүзөт. Студенттер клиникалык практикага чыгаар алдында милдеттүү медициналык кароодон өтүшөт.
-
Жеңилдиктер: Социалдык жактан муктаж же жетим, жарым жетим болгон жана жатаканада жашаган студенттерге Профсоюз комитети жана Камкордук кеңеши тарабынан туруктуу моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп турат.
📎 Жатаканага байланыштуу расмий документтер
Жатаканадагы ички тартип эрежелери жана кабыл алуу жоболору менен төмөнкү расмий шилтемелер аркылуу таанышсаңыз болот:

