Штаттык расписание

Кара-Балта медициналык колледжинин (КБМК) штаттык расписаниеси — бул окуу жайдын түзүмүн, кызмат орундарынын тизмесин, штаттык бирдиктердин санын жана кызматтык окладдардын өлчөмүн аныктаган расмий ченемдик-укуктук курал болуп саналат. Бул документ Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана министрлигинин ченемдик ченемдерине ылайык, ар бир окуу жылына карата түзүлүп, колледждин директору тарабынан бекитилет.

Штатттык расписание окуу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана чарбалык иштерди туура уюштуруу үчүн персоналды төмөнкүдөй негизги блоктор боюнча бөлүштүрөт:

📌 Кызматкерлердин түзүмдүк курамы:

  • Административдик-башкаруу персоналы: Колледждин жетекчилиги (директор, окуу иштери боюнча директордун орун басары, чарбалык иштер боюнча директордун орун басары, башкы бухгалтер) жана түзүмдүк бөлүм башчылары кирет.

  • Окутуучулар курамы (Профессорско-преподавательский состав): Колледждеги адистиктер боюнча предметтик-цикловиктик усулдук комиссиялардын (ПЦМК) мүчөлөрү, штаттык окутуучулар жана клиникалык өндүрүштүк практикалык сааттарды өтүүчү айкалыштырып иштөөчү (совместитель) дарыгер-адистер.

  • Окуу-көмөкчү персоналы: Окуу процессинин санариптик жана усулдук базасын камсыз кылган адистер (кадрлар бөлүмүнүн башчысы, веб-сайтты ребрендингдөө жана санариптештирүү боюнча программисттер, AVN тутумунун операторлору, китепканачылар, лаборатория башчылары жана лаборанттар).

  • Чарбалык жана тейлөө персоналы: Имараттардын тазалыгын, коопсуздугун жана күзөт кызматын камсыз кылган кызматкерлер (комендант, вахтерлор, күзөтчүлөр, тазалык кызматкерлери жана короо шыпыргычтар).

Штатттык расписание каржылык тартипти сактоого, эмгек акы фондун туура бөлүштүрүүгө жана институционалдык аккредитация учурунда окуу жайдын кадрдык потенциалын расмий тастыктоого негизги курал катары кызмат кылат.

📎штатное расписание