Кара-Балта медициналык колледжинде (КБМК) студенттер менен натыйжалуу өз ара байланышты орнотуу, алардын укуктарын коргоо жана окуу-тарбия жараянын жакшыртуу максатында «Арыздар жана сунуштар кутусу» тууралуу расмий Жобо бекитилген жана атайын комиссиянын Иш планы аткарылып келет.
1. Кутунун иштөө тартиби жана жайгашуусу
-
Жайгашкан орду: Студенттердин каттары үчүн атайын куту башкы корпустун биринчи кабатындагы фойеде жайгашкан.
-
Иштөө режими: Куту студенттер үчүн эки сменди тең эсепке алуу менен күн сайын саат 08:00дөн 16:00гө чейин ачык болот. Бул тууралуу маалымат ар бир студентке жеткирилген жана окуу жайдын расмий электрондук дарегинде (med-kbmk@mail.ru) жайгаштырылган.
-
Кайрылуулардын түрү: Студенттер өз арыздарын же сунуштарын анонимдүү (жашыруун) түрдө дагы, же өздүк маалыматтарын жана байланыш телефондорун толук көрсөтүү менен ачык дагы калтыра алышат.
2. Каттарды алуу жана каттоо тартиби
-
Каттарды чыгаруу: Кутудагы каттарды атайын түзүлгөн КБМКнын чара көрүү (реагирование) комиссиясы айына бир жолу — ар бир айдын акыркы жумасында ачып, ичиндеги кайрылууларды чыгарып алат.
-
Каттоо жана эсепке алуу: Чыгарылган бардык каттар атайын даярдалган, номурланган жана шнурланган «Кайрылууларды эсепке алуу журналына» милдеттүү түрдө катталат. Журналга каттын иреттик номуру, алынган күнү, арыз ээсинин аты-жөнү (же «аноним» деген белги), байланыш телефону, кыскача мазмуну жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар жазылат.
3. Арыздарды кароо жана чара көрүү мөөнөттөрү
Комиссия өз ишинде коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгы принцибин жетекчиликке алат жана келип түшкөн ар бир маселеге объективдүү баа берет.
-
Служебдик иликтөө: Жыйналган маалыматтар талданып, колледждин директоруна билдирилет жана анын негизинде расмий кызматтык иликтөөлөр дайындалат.
-
Ыкчам чара көрүү: Көрсөтүлгөн даттануулар боюнча баа берүү, келип чыккан чыр-чатактардын кесепеттерин жоюу жана бузуулар тууралуу колледждин директоруна маалымат берүү иштери 3 күндүн ичинде ыкчам аткарылат.
-
Тартиптик жазалар: Иликтөө иштери аяктагандан кийин, тартип бузган же мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерлерге же жактарга карата расмий тартиптик жазалар колдонулат.
-
Алдын алуу иштери: Окуу жайда укук бузуулардын жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында студенттер жана кызматкерлер арасында дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
4. Купуялуулук жана жоопкерчилик
«Арыздар жана сунуштар кутусунан» алынган маалыматтар менен иштеген бардык кызматкерлер жана комиссия мүчөлөрү студенттердин өздүк маалыматтарынын жана келип түшкөн билдирүүлөрдүн купуялуулугун (конфиденциалдуулугун) сактоого мыйзам чегинде жекече жоопкерчилик тартышат.
Положение о ящике жалоб и предложений для письменных обращений студентов
