Урматтуу студенттер, окуу процессин натыйжалуу уюштуруу, теориялык билимди тереңдетүү жана кесиптик практикалык көндүмдөрдү жогорку деңгээлде өздөштүрүү үчүн төмөнкү усулдук сунуштамаларды аткаруу сунушталат:
1. Лекцияларга жана практикалык сабактарга жигердүү катышуу:
-
Окутулуп жаткан предметке терең кызыгуу көрсөтүңүз жана лекцияларды кунт коюп угуңуз.
-
Материалды жакшырак түшүнүү үчүн талкууларга жигердүү катышып, окутуучуларга суроолорду бериңиз.
2. Материалдарды тутумдуу (системалуу) үйрөнүү:
-
Курстун материалдарын үзгүлтүксүз окуп-үйрөнүү үчүн убактыңызды туура пландаштырыңыз.
-
Теманы толук кандуу түшүнүү үчүн ар кандай маалымат булактарын, мисалы: окуу куралдарын, илимий макалаларды жана онлайн ресурстарды кеңири колдонуңуз.
3. Практикалык иштерге жигердүү катышуу:
-
Бейтаптарды багуу каражаттары, дары-дармектер, муляждар жана фантомдор менен түзүлгөн практикалык иштөө мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө колдонуңуз.
-
Окутуучунун берген нускамаларын (инструкцияларын) так аткарыңыз жана практикалык тапшырмаларды өз алдынча жасоого жигердүү катышыңыз.
4. Туруктуу өзүн-өзү текшерүү жана кайталоо:
-
Алдыңкы алган билимдериңизди бекемдөө үчүн өтүлгөн материалдарды мезгил-мезгили менен кайталап туруңуз.
-
Өзүңүздүн түшүнүү деңгээлиңизди жана сынакка (экзаменге) даярдыгыңызды баалоо үчүн атайын тесттерди жана усулдук маселелерди өз алдынча чыгарып, өзүңүздү текшериңиз.
5. Окутуучулар курамы менен тыгыз кызматташуу:
-
Өтүлгөн темаларды окутуучулар менен биргеликте талкуулап, өз ара тажрыйба жана жаңы идеялар менен алмашыңыз.
-
Түшүнүгүңүздү жана кесиптик көндүмдөрүңүздү андан ары өркүндөтүү үчүн мугалимдерге суроо узатып, алардан туура багыт берүүчү пикирлерди (обратная связь) сурап туруңуз.
