КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАТРИЦАСЫ: «ФАРМАЦИЯ» АДИСТИГИ

Урматтуу окутуучулар жана студенттер!

Кара-Балта медициналык колледжинде билим берүү программалары студенттердин кесиптик деңгээлин эл аралык жана мамлекеттик стандарттарга ылайык калыптандырууга багытталган. Түзүлгөн Компетенттүүлүк матрицасы — бул «Фармация» адистиги боюнча билим алган студенттердин окуу мөөнөтү ичинде кандай билимдерге, билгичтиктерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушу керектигин көрсөткөн негизги методикалык карта болуп саналат.

Матрица Кыргыз Республикасынын Орто кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын талаптарынын негизинде иштелип чыккан жана ар бир окутулган предметтин конкреттүү бир кесиптик касиетти калыптандыруудагы ролун так аныктайт.

акредитация[1]