Куратордук сааттар жана тарбиялык иш-чаралар

Кара-Балта медициналык колледжинде (КБМК) билим берүү менен бирге студенттердин инсандык, моралдык-этикалык жана жарандык сапаттарын калыптандырууга чоң маани берилет. Куратордук сааттар — бул студенттердин коомдук активдүүлүгүн арттыруу, мекенчилдик сезимин ойготуу, кесиптик этиканы тереңдетүү жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу максатында туруктуу өткөрүлүүчү маанилүү тарбиялык процесс болуп саналат.

Коллеждеги куратордук ишмердүүлүк атайын бекитилген «Куратор жөнүндө жобонун» негизинде тутумдуу түрдө жүргүзүлөт.