Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлеринин 2025-жылдын 10-июнундагы №329 токтому менен бекитилген мамлекеттик ченемдердин негизинде иштелип чыккан. Документ Кара-Балта медициналык колледжинде (КБМК) студенттерди бир кесиптик программадан экинчисине (колледждин ичинде) же башка окуу жайдан КБМКга которуу, окуудан четтетүү, кайра калыбына келтирүү жана академиялык өргүүлөрдү берүү процесстерин толук жөнгө салат.
1. Студенттерди которуу жана кайра калыбына келтирүү тартиби (Порядок перевода и восстановления)
-
Мөөнөттөр жана шарттар: Которуу жана кайра калыбына келтирүү иштери, эреже катары, кышкы жана жайкы каникул учурунда КБМКнын Педагогикалык кеңешинин чечими менен ишке ашырылат. Которуу процесси эки окуу жай тең расмий аккредитациядан өткөн учурда гана мүмкүн болот.
-
Чектөөлөр:
-
1-курстун студенттерин которууга биринчи семестрди ийгиликтүү аяктагандан кийин жана кеминде 30 академиялык кредит топтогон учурда гана жол берилет.
-
Акыркы курста окуган студенттерди которууга таптакыр жол берилбейт.
-
Келишимдик (контракттык) негизде окугандарды мамлекеттик гранттык (бюджеттик) орундарга которууга жол берилбейт. Гранттык негизде окугандарды башка адистикке которууга тыюу салынат, ал эми ошол эле же тектеш адистикке которууга бир гана өзгөчө себептер (ден соолугу, жашаган жерин алмаштыруу) жана тастыктоочу документтер болгондо гана уруксат берилет (мында грант студент менен кошо которулат).
-
-
Процедурасы: Которуу бош ваканттык орундар болгондо студенттин арызы жана зачеттук китепчесинин/транскриптинин көчүрмөсүн аттестациялоо аркылуу жүрөт. Орундар чектүү жана арыздар көп болгон учурда конкурс уюштурулат. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн студентке КБМК тарабынан атайын Справка берилет. Абитуриент ошол справканын негизинде мурунку окуу жайынан 10 күндүн ичинде буйрук менен четтетилип, мектеп аттестатынын түп нускасын жана академикалык справкасын алып КБМКга тапшырат.
-
Академиялык айырма (Академическая разница): Окуу пландардын ортосундагы айырмачылык академиялык кредиттер менен эсептелет жана студенттин жеке планына кошумча киргизилет. Которуу жана калыбына келтирүү учурунда академиялык айырма 30 академиялык кредиттен ашпоого тийиш. Мурунку окуудан калтырылган практикалар (учебная, производственная) же сабактар зачеттолбосо, аларды кийин жоюу шарты менен кабыл алуу жүргүзүлөт.
-
Калыбына келтирүү: Мурда окуудан чыгып кеткен жактар себебине жана жылына карабастан кайра калыбына келүүгө укуктуу, бирок калыбына келүүдө анын кредиттеринин саны 30дан кем эмес болушу шарт. Мурда бюджетте окуп, өз эрки же башка себеп менен чыккандар, мамлекеттин чыгымдарын грант өлчөмүндө төлөп берүү шарты менен гана контракттык орундарга калыбына келе алышат.
2. Студенттерди окуудан четтетүү тартиби (Отчисление студентов)
Студент төмөнкүдөй негиздердин негизинде КБМКдан четтетилиши мүмкүн:
-
Өз каалоосу боюнча (арыз берген күндөн тартып 1 айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат);
-
Башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
-
Ден соолугунун абалына байланыштуу;
-
Академиялык жетишпегендиги үчүн: Сессия учурунда 3 же андан көп предметтен экзамен/зачет тапшыра албай калгандар, белгиленген мөөнөттө академиялык карыздарын жойбогондор же бир мамлекеттик итоговый сынактан (ИГА) кулагандар;
-
Контракт төлөмүнүн шарттарын бузгандыгы үчүн (келишим негизинде окугандар үчүн);
-
Колледж менен байланышты үзгөндүгү үчүн (потеря связи с колледжем);
-
КБМКнын Уставын, Ички тартип эрежелерин же КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн.
Тартип бузуулар боюнча окуудан четтетүү студенттен милдеттүү түрдө жазма түшүндүрмө (объяснительная) алынып, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин гана аткарылат. Дисциплинардык жаза проступок аныкталган күндөн тартып 1 айдан кечиктирилбей колдонулат (студенттин ооруган же каникулда болгон убактысы эсепке кирбейт). Четтетилген студентке аттестатынын түп нускасы жана катуу отчеттуулуктагы академиялык справка берилет.
3. Академиялык өргүү берүү тартиби (Академический отпуск)
-
Аныктамасы: Академикалык өргүү — студенттин ден соолугуна байланыштуу, балалуу болгондо, аскер катарына чакырылганда же үй-бүлөлүк өзгөчө кырдаалдарда (анын ичинде табигый кырсыктарда) окууну улантууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда берилүүчү расмий убакыт.
-
Мөөнөтү: Академиялык өргүү 1 жылга (12 календардык айга) гана жана бүткүл окуу мезгилинде бир гана жолу берилет.
-
Медициналык негиз: Ден соолук боюнча өргүү алуу үчүн студенттин туруктуу катталган жериндеги мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин (туруктуу поликлиниканын) расмий медициналык корутундусу (заключение) талап кылынат. Оорунун диагнозу корутундуда бейтаптын макулдугу менен гана жазылат.
-
Өргүүдөн кайтып келүү: Академиялык өргүүдөн кайткан студент окуусун кайсы семестрден кетсе, дал ошол семестрден тартып кайра улантууга укуктуу. Медициналык себеп менен кеткендер кайра окууга киришүү үчүн ден соолугу түзөлгөндүгү тууралуу расмий медициналык корутундуну жана жеке арызын директордун атына тапшырышы шарт.
-
Чет өлкөлүк студенттер: Чет өлкөлүк жана бюджеттик негизде окуган студенттерге өргүү берүү шарттары эл аралык келишимдерге же контракттын ички шарттарына ылайык, ал эми алар жок болсо — ушул Жобонун негизинде жалпы тартипте жүргүзүлөт.
📥 Расмий документтерди жана арыз бланкаларын жүктөө
Студенттердин окуу макамын өзгөртүү, которуу же өргүү алуу иштерин мыйзамдуу каттоо үчүн төмөнкү расмий тиркемелерди жана бланкаларды жүктөп алсаңыз болот:
