ТАНДОО КУРСТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО (ПОЛОЖЕНИЕ О КУРСАХ ПО ВЫБОРУ)

Урматтуу окутуучулар жана студенттер!

Кара-Балта медициналык колледжинде билим берүү процессин демократиялаштыруу, студентке багытталган окутуу (студентоцентрированное обучение) принциптерин ишке ашыруу жана болочок адистердин жеке кесиптик кызыкчылыктарын канааттандыруу максатында Тандоо курстары (элективдүү иш-чаралар) жөнүндө жобо колдонулат.

Тандоо курстары — бул негизги мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында колледж тарабынан сунушталган, бирок студенттердин өздөрүнүн каалоосу жана тандоосу боюнча окутулуучу атайын окуу предметтери болуп саналат. Бул документ тандоо курстарын калыптандыруу, студенттердин каттоодон өтүү жана аларды баалоо тартибин расмий жөнгө салат

Положение о курсах по выбору