Урматтуу окутуучулар, студенттер жана аккредитациялык комиссиянын мүчөлөрү!
Кара-Балта медициналык колледжинде билим берүүнүн сапатын туруктуу көзөмөлдөө, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана окуу процессин убагында жөнгө салып туруу максатында Ички сапатты камсыздоо жана мониторинг тутуму үзгүлтүксүз иш алып барат.
Бул баракчада колледжибиздин Билим берүүнүн сапаты жана мониторинг бөлүмү (ОКО) тарабынан ар бир семестрдин жана окуу жылынын жыйынтыгы боюнча даярдалган студенттердин жетишүүсү (успеваемость) жана билим сапаты тууралуу расмий аналитикалык маалыматтар чагылдырылган.
